ЖЭЭН АЯК
ЖЭЭН АЯК – жээнге болгон өзгөчө мамилелердин бир көрүнүшү. Таякелерине тойго келген жээнге өзүнчө табак жасалып тартылат же мал берилет. Ал Ж. а. кармоо деп аталат. Ж. а. кармаган жээн тартылган тамакты каалаган адамы м-н чогулуп жеген, жооп иретинде ал той ээсине (таякесине) мал, баалуу буюм, акча тартуулаган. Тойдо бир нече жээн, б. а. бөлөлөр болсо, алар кеңешип туруп, Ж. а-ты бирөөнө ыйгарышкан.