ГРАФ
ГРАФ (нем. Graf, лат. comes, фр. comte, англ. earl) – эрте о. кылымдагы Батыш Европада король тарабынан графтыкты башкаруу кызматына дайындалган киши. Бара-бара Г-тык кызмат мурасталуучу даражага айланган. Феодалдык бытырандылык тушунда Г. көз каранды эмес ири феодал, кийинчерээк Г. жогорку дворяндык титул болуп калган. Россияда Г. титулу Пётр Iнин тушунда (18-к.) киргизилип, 1917-ж. жоюлган.