ЗАЙСАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАЙСАН – Казакстандын чыгышындагы көл; Зайсан өрөөнүндө жайгашкан. Аянты 1,8 миң км2. Тереңдиги 10 мге чейин. Кара Иртыш д. куюп, Иртыш д. агып чыгат. Иртыш д-на Бук­турма ГЭСи курулгандан кийин, көл Буктурма суу сактагычынын (5,5 миң км2) бир бөлүгүнө айланган. Ноябрдан майга чейин тоңот. Жай­кысын кеме жүрөт. Балык өстүрүлөт.