ЗЁЙДЕР-ЗЕ БУЛУҢУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЁЙДЕР-ЗЕ БУЛУҢУ (голландча Zuiderzee – «Түштүк деңиз» деген мааниде) – Түн. деңизде­ги булуң. Нидерланддын жээгинде. Батыш Фриз а. аркылуу деңизден бөлүнөт. Булуң 1282-ж. кургактык чөгүп, аны суу жайпап калышынан пайда болгон. Жээктери түзөң, саздуу, плотина ж-а тосмо м-н бекемделген. З.-З. б. шлюз тос­мо аркылуу Вадден-Зе (түн. бөлүгү) ж-а Эйс­селмер (түш.) булуңдарына бөлүнөт. Тереңди­ги 3–4 м, кеме жүрчү жери 8–24 м. Ташкындоо­нун бийикт. 1,4–1,9 м. Ири порту – Амстердам.