ЗИНИН РЕАКЦИЯСЫ
ЗИ́НИН РЕАКЦИЯСЫ – нитробирикмелерди H2S, (NH4)2S же щелочтуу металлдардын сульфиддери м-н калыбына келтирип, ароматтык аминдерди алуу жолу. 1842-ж. орус химиги Н. Н. Зинин ачкан. Процесс нитробирикмелерди калыбына келтиргичтер м-н ысытуунун натыйжасында жүрөт. Сульфиддерди негизинен антрахинон катарындагы аминдерди алууда же диж-а полинитробирикмелерди калыбына келтирүүдө колдонулат. 1-жолу ароматтык анилинди ө. ж-да синтездөөдө, о. эле 2-нафтиламинди, м-аминобензой к-тасын ж-а м-фенилендиаминди алууда колдонулган.