ЗОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОЛДОР (нем. Sol – коллоиддик эритме) – суюк дисперстик чөйрөдөгү жогорку дисперстүү кол­лоиддик системалар. З-дун дисперстик фазасы­нын бөлүкчөлөрү аларды курчаган дисперстик чөйрөнүн молекулаларынын сольваттык катма­ры м-н мицелланы түзөт. Алар броун кыймы­лына бири бирине көз карандысыз катышат ж-а дисперстик чөйрөнүн бардык көлөмүндө те­гиз таралат. Дисперстик чөйрөсү суу болсо – гидрозоль, орг. чөйрө болсо органозоль деп ата­лат. Органозолдор чөйрөнүн хим. курамына жа­раша бензозоль, алкозоль, этерозоль ж. б. деп айырмаланат. Коллоиддик-дисперстик фазаны камтыган куймалар пирозоль деп аталат. Пи­розолдорду муздатканда дисперстик чөйрөнүн айнектешүүсүнүн же кристаллдашуусунун на­тыйжасында катуу З. пайда болот. Дисперстик фазанын ж-а дисперстик чөйрө нүн бөлүк­чөлөрүнүн өз ара аракеттенүү мүнөзү б-ча дис­перстик системалар лиофилдүү ж-а лиофобдуу болуп бөлүнөт. Лиофобдуу, а. и. гидрофобдуу З. термод. тең салмаксыз, агрегаттык жактан туруксуз, дисперсияланган бөлүкчөлөрү коа-гу­ляцияга жөндөмдүү дисперстик система болу­шат. Лиофилдүү З-дун дисперстик фазасы, дис­перстик чөйрөнүн чегинде өтө аз салыштырма беттик энергияга ээ. Мындай З. агрегаттык жак­тан туруктуу ж-а термод. тең салмактуулукта болушат. Лиофилдүү З-го самындын ж-а самын сымал беттик активдүү заттардын гидрозолдо­ру, кээ бир орг. пигменттердин, боёктордун гид­ро­ж-а органозолдору кирет. Ал эми металлдар­дын гидро­ж-а органозолдору лиофобдуу З. бо­луп эсептелет. Газ (аба) чөйрөдө текши таралган суюк же катуу заттардын майда бөлүкчөлөрүнөн турган системалар аэрозолдор деп аталат.