ЗЫЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫЯН – КРдин жарандык укугунда бир тарап­тын туура эмес иш-аракети аркылуу башка бир тарапка келтирилген залал, чыгым. 1) Укугу бузулган тарап тарткан, кайрадан калыбына келтирилүүгө тийиш чыгым, о. эле анын мүлкүн жоготуу же бузуу. 2) Милдеттенме өз деңгээлин­де аткарыла турган болсо, ал алууга мүмкүн боло турган киреше алынбай калса, З. катары баала­нат. Жалпы эрежелер боюнча карыздакор кре­диторго келтирген З-дын ордун толугу м-н тол­турууга тийиш. Милдеттенмелердин айрым түрү мыйзам б-ча анын жоопко тартылышы мүмкүн.


К. Эсенканов.