ИДРИСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДРИ́СИ (al-Idrisi) 1100, Марокко, Сеуте – 1161 же 1165 – ө. ж. б.] – араб географы ж-а саякатчы­сы. Кордовадан билим алган. Сицилия королу Ро­жер IIде кызмат өтөгөн. Анын өтүнүчү м-н «Ро­жердин китеби» (1145) деген китеп жазган. Анда Европа ж-а Африка ж-дө кызыктуу тарыхый ж-а тарыхый-геогр. маалыматтар камтылган. Пи­реней ж. а-на, Францияга, Англияга, Кичи Азияга саякат жасап, ал өлкөлөр тууралуу маалымат чо­гулткан. Ал дүйнөнүн картасын түзгөн.