ИЕРУСАЛИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЕРУСАЛИ́М (байыркы еврейче И е р у ш а­л а и м, ар. А л ь - К у д с) – Израилдеги шаар. Адм. жактан аты окшош округду түзөт. Жер Ортолук деңизден 60 км чыгышта, Жансыз де­ңизден 30 км батышта, бөксө тоолуу чөлдө, де­ңиз деңг. 740 м бийиктикте жайгашкан. Иудей­лердин, христиандардын, мусулмандардын ди­ний («ыйык») борбору. Калкы 743,5 миң (2007); калкынын саны б-ча өлкөдөгү ири шаар. Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар эки (эски ж-а жаңы) бөлүктөн турат.

Иерусалим шаарынын Масличный тоосунан караган­дагы көрүнүшү.

Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87%и) түзөт. И. – заманбап жогорку техника өндүрү­шүнүн борборлорунун бири. Эл аралык ж-а из­раилдик ири концерндер [а. и. «Intel» ж-а «Motorola» (компьютерлер үчүн электрондук схемаларды чыгарат), «AVK Izrael» (мобилдик байланыштар үчүн микросхема)], тиричилик электр-техникалары, фармацевтика, текстиль, булгаары – бут кийим, жыгаччылык (а. и. эме­рек), курулуш материалдар, ишканалары ж-а салттуу полигр., тамак-аш ө. ж. иштейт. Зер буюмдарды жасоо (алмаз иштетилет, кырдалат) өнүккөн. Алгач б. з. ч. 2-к-дын ортосунан эске­рилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, Алек­сандр Македонский державасы, Байыркы Рим,

Иерусалим, Муң (Плач) дубалы.

Византия, Селевки мамлекети, Араб халифа­ты, Айюбилер ж-а мамлюктардын башкаруу­сунда болгон. 16-к-дын башынан Осмон импе­риясынын башкаруусуна өткөн. 1917-ж. декабр­да англ. аскерлер басып алган. 1920–48-ж. Анг­лиянын мандаты м-н башкарылуучу Палести­нанын адм. борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң БУУнун Генералдык Ас­самблеясынын чечими б-ча 1947-жылдын 29- ноябрынан БУУнун башкаруусу м-н өз алдын­ча адм. бирдик болууга тийиш эле, бирок 1948– 49-ж-дагы араб-израил согушунан кийин И-дин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тий­ген. 1950-ж. январда Израил өкмөтү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоотпой И-ди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамле­кеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-ж. июлдун башында Израиль И-дин чы­гыш бөлүгүн басып алып, 1980-ж. И-ди бүт Из­раилдин «түбөлүктүү ж-а бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган. Эски шаар – азыркы И-дин тары­хый борбору. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тиз­месине кирген. Анда Кудайдын табыты ротон­дасы, Муң (Плач) дубалы (Экинчи Храм талка­ланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687–691), Эль-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11–12-к-дын чир­көөлөрү, цитадель (14–16-к.), Ыйык Иаков мо­настыры (12-к.; байыркы баалуу китептер сак­талууда), падыша Давиддин табыты (4-к.; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-к-дын ортосунан ку­рулууда. Ун-т комплекси, китепканалар, Улут­тук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (иск­во ж-а археол. эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» мед. борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын ж-а камералык музыка (1997) фес­тивалдары, Л. Беристайн атн. музыка конкур­су өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.


Ад.: Кацнельсон М. Иерусалим – город трех рели-


гий. СПб., 2001; Все столицы мира. Энциклопе­дический справочник. М., 2004; Носенко П. В. Иерусалим. Три религии. Три мира. М., 2006.