ИЗОЛЯТОР 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОЛЯ́ТОР (фр. isolateur, isoler – бөлүү, ажы­ратуу) – электр тогун такыр өткөрбөгөн же на­чар өткөргөн материал. И-го кургак аба, айнек,

фарфор, слюда, айрым майлар кирет. Өткөр­гүчтөрдөн айырмаланып, И-до заряддарды эр­кин алып жүргүчтөр жок болгондуктан, ал ар­кылуу ток өтпөйт. Бирок, И-го өтө чоң чыңа­луу берилсе, ток өтүшү да мүмкүн, бул айрым учурда материалдын жараксыз болушуна алып келет. Токтун же заряддын коромжу болушун азайтуу үчүн И. электр өткөргүчтөрүн каптоо же ажыратуу үчүн колдонулат. Ал диэлектриктен ж-а байланышчу арматурадан турат. Фарфор же айнек И. электр өткөргүчтөрүнүн аба линияла­рында; резина же пластмасса И. кадимки кабел­дерди каптоо үчүн; кремний диоксидинен жасал­ган плёнкалар конденсатор ж-а интеграл схе­маларын даярдоодо диэлектрик материал ката­ры колдонулат. Ал эми радиотех. түзүлүштө ж-а жогорку жыштыкта иштөөчү курулмаларда орнотулган И. стеатит, ультрафарфор өңдүү ди­электрик материалдардан жасалат. Жаан-чачын жааганда И. электр тогун өткөрүп жибериши мүмкүн. Муну болтурбоо үчүн И-дун бети татаал формада жасалат. Чыңалуусу 6дан 35 кВко че­йинки электр линияларында казык түрүндөгү, ан­дан көп чыңалууда гирлянда, үстү ачык бөлүш­түргүч түзүлүштөрдө казык түрүндөгү таянычтуу И., ал эми жогорку чыңалууда өткөөл И. колдо­нулат.