ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ– фило­софия, социология, футурология илимдеринде­ги агым; илим м-н техника өнүккөн азыркы шартта адамзат туш болгон глобалдуу пробле­маларды ил.-тех. прогресстин жардамы м-н че­чип, карама-каршы экол. кырдаалдан чыгууга болот деп үмүттөнүү. И.-т. о. 20-к-дын 2-жары­мында түптөлүп, «экологиялык пессимизмге» карама-каршы турган модерндешкен технол. теория. Көрүнүктүү өкүлдөрү – Д. Белл, Г. Кан, А. Тофлер (АКШ), Б. де Жувенель, Ж. Фу­растье (Франция), О. Флехтхейм (Германия), К. Фримен, Д. Габор (Англия), И. Кайя (Япо­ния) ж. б. И.-т. о. адамзаттын тарыхый тагды­рын аныктоодо, коомдун өнүгүшүндөгү социал­дык-экон. факторлорду эмес, ил.-тех. прогресс­тин маанисин баалайт.