ИЛЬИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЬИ́Н Юрий Иванович (12. 07. 1938-ж. т., Россия, Тамбов обл., Жердев р-ну, Ивановка кыш.) – геолог, Кыргыз ССР мамл. сыйл. лау­реаты (1980). Саратов геол. чалгындоо технику­мун (1956), ФПИни (1970) бүткөн. Кыргыз ССР геология башкармалыгынын ¹14 партиясынын геологу (1957–59), Түн. Кырг-н, Сары-Жаз геол. экспедицияларында улук коллектор, улук гео­лог, отряддын ж-а партиянын начальниги (1959–73). 1973–76-ж. Алжирде иштеп келген.


Геол.-экон. изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын ж-а партиянын на­чальниги (1976–96). Республикадагы курулуш материалдарынын бири – табигый каптооч таш­тардын, о. эле алтын ж-а калайдын кендерин ачууга ж-а чалгындоого чоң эмгек сиңирген.