ИМАГО
ИМА́ГО (лат. imago – кебете, түр) – курт-кумурскалардын ж-а кээ бир муунак буттуулардын жеке өөрчүшүнүн жетилген стадиясы. Бул стадияда муунак буттуулар көбөйөт, ал эми кээде ар кайсы жерге жайгашат, демейде түлөбөйт ж-а өспөйт. Татаал түзүлүштүү курт-кумурскалардын көпчүлүгүнүн И-суна өтүп кеткен мурунку стадияларынан айырмаланып, канаттары ж-а жыныстык кошумча өсүндүлөр мүнөздүү. Курт-кумурскалардын (көпөлөктөр, коңуздар, жаргак канаттуулар), толук өөрчүү стадиясында И. куурчакчадан өөрчүп чыгат. Толук эмес өөрчүүчү курт-кумурскаларда (мис., субагай канаттууларда, кыпчуурларда, тең канаттууларда ж. б.) куурчакча стадиясы жок, личинка – нимфа бир катар түлөгөндөн кийин түз эле И-го айланат. И. стадиясынын узактыгы адатта бир нече миндан бир нече жылга чейин созулат.