ИМАНАЛИЕВ 4
ИМАНАЛИЕВ Мусалы (1922‚ Чүй обл.‚ Аламүдүн р-ну‚ Беш-Күнгөй айылы – 2004, ошол эле жер) – экономика илимд. доктору (1991)‚ проф. КМПИни (1941)‚ Москва эл чарба ин-тун (1949)‚ Кыргыз CCР ИА ЭИнин аспирантурасын (1960) бүткөн. Кыргыз CCР Телекөрсөтүү ж-а радио уктуруу к-тинде жооптуу секретарь (1945), Кыргыз ССР Мампланда улук экономист (1949–50), Кыргыз CCР Cоода министрлигинде экономист‚ сектор башчысы (1950–52)‚ 1992-жылдан Кыргыз CCР ИА ЭИде ил. кызматкер болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Основные фонды и резерв роста производства. Ф.‚ 1966; Энергетические ресурсы Киргизии. Ф.‚ 1970; Проблема освоения энергетических ресурсов Киргизии. Ф.‚ 1966.