ИМПУЛЬСТУК ТРАНСФОРМАТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПУЛЬСТУК ТРАНСФОРМА́ТОР – импульс­тук электр чыңалуусун же токту өзгөртүү үчүн колдонулуучу трансформатор. И. т. эч кандай өзгөрүүсүз түрдө узактыгы 0,1...0,3 мкс болгон импульстарды бере алат. Ал импульстардын уюлдуулугун өзгөртүү, токтун туруктуу күчүн жоюу, импульстук сигналдарды кошуу үчүн, негизинен автоматика ж-а эсептөө техникасын­да колдонулат.