ЖАЙЧЫБЕКОВ
ЖАЙЧЫБЕКОВ Бекбосун Карабекович (27. 11. 1948-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду айылы – 6. 9. 2024-жыл, Бишкек шаары) – сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1992). Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (2007). Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982). «Мектеп» (1983–1989), «Кырлай хандын кыргыздарга жортуулдары), баатыр атанган.

Ж. б. уулдары Үсөн, Теке, Итике ж-а Момокон баатыр м-н бирге Абылай хан башында турган казактардын акыркы чабуулунда (1779–80) Корготу суусунун жээгинде казактарга колго түшкөн. Момокон м-н Итикени казактын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап калган.
Калган уулдарына кошулуп, Ж. б. өлүм жазасына буйрулган. Кыргыздар көп жабыр тарткан бул кыргын Ж. б-дын өлүмүнө байланыш-
туу болгондуктан, кийин тарыхта Жайыл кыргыны деп аталып калган. Учурда Чүй обл-нун Калинин р-нуна Ж. б-дын ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган.
Ад.: Жайыл баатыр: история современность и будущее. Материалы научно-практический конференции. Б., 2006; Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б. Жайыл баатыр. Т. 1, 2. Б., 2004–05. Э. Турганбаев.