ЖАПЫРЫК КӨРҮСТӨНДӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПЫРЫК КӨРҮСТӨНДӨРҮ – эрте темир доо­рунан о. кылымга чейинки мезгилди камтыган археол. эстеликтер. Соң-Көлдөн 25–30 км түш.- чыгыш тарапта Жапырык бөксө тоосунун эте­гинде жайгашкан. Эрте темир доорундагы кө­рүстөндөрдүн диаметри 30–50 м, бийикт. 4–6 м. Тегерек дөбө көрүстөндөрдүн сыртына төрт чар­чы коргончо кылып таш тизилген. Көрүс­төндөрдүн күн батыш тарабында сегиз таш кор­гончо бар. Жапырык жергесинен маркумдун сөөгү м-н кошо чопо идиштер, алтын сөйкө, чач учтук, шакек ж. б. табылган. Эчкинин, жылкы­нын, сууда сүзүүчү канаттуулардын, багыштын аска бетине чегилген сүрөттөрү бар. Ж. к. шарт­туу түрдө Жапырык 1; 2; 3; 4; 5 деген бөлүктөргө бөлүнгөн. Ж. к-н 1980–90-жылдары археолог К. Ташбаева изилдеген. Ушундай эстеликтерди Ат-Башы өрөөнүнөн, Алтайдан, Казакстандан кездештирүүгө болот.