ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 23 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айыл округунун курамында. Деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Кара-Көл шаарынан 6 км түндүк тарапта. Таш-Көмүр темир жол беке­тинен 74 км. Калкы 1491 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, ки­тепкана бар.