ЖАРЫМ АВТОМАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ АВТОМА́Т – өз алдынча толук бир жумушчу циклди аткарып, сырттан кийлигишүү циклди кайталоо үчүн гана талап кылынуучу машина. Мис., металл кесүүчү Ж. а. станок сом темирди иштетүүнүн бардык циклин аткарып, станоктун механизмин баштапкы абалына кел­тирет, ал эми сом темирди орнотуу, станокту иштетүү ж-а иштетилген тетикти алууну жу­мушчу тейлейт. Кошумча атайын түзүлүштү колдонуу м-н Ж. а-тын иштөө циклин толук автоматташтырууга болот.