ЖАСАЛМА ЖҮН
ЖАСАЛМА ЖҮН – нооту (сукно) ж-а кийиз жасоодо колдонулуучу була. Кездемени бычуудан чыккан кесиндилерди же жүндөн жасалган эски кийимдерди кайра иштетүүдөн алынат. Ж. ж. нооту ж-а кийиз өндүрүшүндө штапель, кебез булалар ж-а накта жүн м-н аралаштырылып колдонулат.