ЖЕБИЛГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕБИЛГЕ (к и с т ь) – сүрөтчүнүн живопись техникасынын түрдүү талаптарына атайын ың­гайлаштырылган эң маанилүү аспабы. Жаса­лыш материалына карай Ж. катуу (жоон кыл­дуу), жумшак (күзөн, кашкулак, эчки, тыйын чычкандын терисинен узатасынан жасалган ж. б.); формасы б-ча – жалпак ж-а тегерек, уч­туу ж-а шуштугуй эмес; кылынын узундугуна карата – кыска ж-а узун болуп бөлүнөт. Ж-нин көлөмү станок живописи үчүн 24кө чейин жет­кен, көбүрөөк жуп сан м-н белгиленген атайын номер ж-а аталыштар (мис. Флейц) м-н берилет, гравюрада өзгөчө зым ж-а айнек Ж-лер колдону­лат. Кээде (көбүнчө графикада) «Ж.» термини ат­карылыш ыкмасын (мис., кургак) көрсөтөт.