ЖЕЗ КУЙМАЛАРЫ
ЖЕЗ КУЙМАЛАРЫ – негизи жез болгон куймалар. Ж. к-на калай, цинк, алюминий, коргошун, никель, марганец, темир, фосфор, кремний ж. б. элементтер кошулат. Ж. к. латунь, коло ж-а жез-никель куймалары болуп бөлүнөт. Легирлөөчү элементтерге жараша Ж. к. жогорку электр ж-а жылуулук өткөрүмдүүлүккө ээ, о. эле ийкемдүү, бышык ж-а дат басууга туруктуу. Окистенүү-калыбына келтирүү үчүн эритиндиге бир аз (%тин ондон бир үлүшүндө) фосфор кошулат. Ж. к. деформациялануучу ж-а куюлма болуп айырмаланат. Деформациялануучу Ж. к-нан жумуру ж-а жалпак уютмалар куюлуп, басым аркылуу иштетилет да, калдыркан, түтүк, зым ж. б. жасалат. Куюлма Ж. к-нан металл формалар, фасондуу тетиктер, кооз буюмдар ж-а скульптуралар даярдалат. Ж. к. автомобиль, ар кандай машина ж-а кеме курууда, электр-тех. ө. ж-нда, суу ж-а буу аппараттарын жасоодо колдонулат.