ЖЕР
ЖЕР – Күн системасына кирүүчү планета. Күндөн алыстыгы б-ча 3-орунда, өлчөмү ж-а массасы б-ча чоң планеталардын ичинен 5-орунда турат. Массасы 5976 ⋅ 1021 кг (Күн массасынын 1/330000 бөлүгү), орт. тыгыздыгы 5520 кг/м3, экватордук диаметри 12 756 км. Өз огунда айлануу мезгили 23 саат, 56 мин. Экватор тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон кыйшаюусу 23°26′. Ошого байланыштуу жыл мезгилдеринин алмашуусун пайда кылат. Күндүн тартуу күчүнүн таасиринен Күн системасындагы башка телолор сыяктуу эле, Ж. тегеректен бир аз айырмаланган эллипс б-ча Күндү айланат. Ж-дин эллипс орбитасынын бир фокусунда Күн жатат да, Ж. м-н анын ортосундагы аралык бир жылдын ичинде 147,117 млн кмден (перигелий) 152,083 млн кмге (афелий) чейин өзгөрөт. 149,6 млн кмге барабар болгон Ж. орбитасынын жарым огу Күн системасындагы аралыкты өлчөөнүн бирдик чени (к. Астрономиялык бирдик) болуп саналат. Ж-дин орбита б-ча кыймылынын ылдамдыгы орто эсеп м-н 29,765 км/сек, бирок ал 30,27 км/секдан (перигелийде) 29,27 км/секга (афелийде) чейин өзгөрөт. Мындан тышкары Ж. Күн системасы м-н бирге Галактиканын борборун да айланат (орт. ылдамдыгы 250 км/сек, айлануу мезгили 200 млн жыл). Ж-дин айланасында, орто эсеп м-н 384400 км аралыкта, анын жандоочусу Ай Ж-ди эллипс орбитасы б-ча тегеренип жүрөт. Ж-дин Күндү бир жолу айланып чыккан мезгили жыл, б. а. 365 сутка 5 с. 48 мин 46 сек. Ж. өз огунда айланып, күн м-н түндү пайда кылат, убакыт бирдиги болгон сутканы түзөт. Ж-дин өтө татаал формасы өз огунда айлануудан пайда болуучу борбордон четтөөчү күчтүн, гравитациянын,



рельеф пайда кылуучу ички ж-а тышкы күчтөрдүн аракетинен келип чыккан (к. Геоид). Геодезияда, картографияда ж. б. ил.-практикалык маселелерди чечүүдө Ж-дин эллипсоид түспөлү кабыл алынган. Ж. Күн системасындагы башка планеталардан тиричилик, адам коомунун
өсүп өнүгүшү м-н айырмаланат. Азыркы учурдагы космогониялык көз караштар б-ча, Ж. мындан 4,7 млрд жыл мурда, Күндүн айланасындагы мейкиндикте газ м-н чаң түрүндөгү чачыранды заттардын гравитациялык конденсацияланышынан пайда болгон (к. Космогония, Күн системасы). Калыптануу учурунда радиоактивдүү элементтердин таасиринен Ж-дин ички бөлүктөрүнүн ысый башташы, Ж. заттарынын дифференциацияланышына (жиктелишине) алып келген. Дифференциация Жер шарын хим. курамы ж-а физ. касиеттери б-ча бири биринен айырмаланган геосфераларга (катмарларга) бөлгөн. Ж-дин борборунда ядро, ядрону курчап жаткан катмар мантия пайда болуп, ал эми мантиядан бөлүнүп чыккан жеңил эриген заттардан турган эң үстүнкү катмар – ж е р к ы р т ы ш ы түзүлгөн. Бул 3 геосфера кээде «катуу» Ж. деп аталат. Алардан тышкары Ж-дин сырткы геосфералары да бар. Ж-ди курчап жаткан аба катмары – атмосфера, суу катмары – гидросфера. Бул 2 геосфера Ж. түпкүрүнөн бөлүнүп чыккан буу м-н газдардан пайда болгон (алар азыр да толукталып турат). Жер бети, гидросфера, о. эле атм-ранын астыңкы, Жер кыртышынын үстүнкү бөлүктөрү биригип, г е о г р а ф и я л ы к же л а н д ш а ф т т ы к к а б ы к деп аталат. Геогр. кабыктагы физ. ж-а хим. шарттан тиричилик пайда болгон. Тирүү заттар геол. агент катары өтө маанилүү орунда тургандыктан, орг. дүйнө тараган чөйрө б и о с ф е р а деп
өзүнчө бөлүнгөн. Жер бетинин 361,1 млн км2ин
же 70,8%ин Дүйнөлүк океан ээлесе, 149,1 млн км2ин же 29,2%ин кургактык түзөт. Ж-дин эң бийик жери Гималайдагы Жомолунгма чокусу (8848 м), эң чуңкур жери Тынч океандагы Мариана кобулу (11022 м). Ж-дин гравитациялык, магниттик ж-а электр талаалары болот. Анын гравитациялык тартуу күчү (к. Жердин гравитациялык талаасы) Айды өз орбитасында кармап турат.
Ж-дин түзүлүшү, түспөлү, кебетеси (формасы),
Ааламдагы орду ж-дөгү азыркы маалыматтар – илгертен берки изилдөөлөрдүн натыйжасы. Байыркы замандарда Ж-дин формасын аныктоого көп аракет жасашкан. Мис., индустар Ж-дин кебетеси лотос сымал дешсе, вавилондуктар аны суу курчап турган тегерек тарткан жалпак арал түрүндө элестешкен. Мындан 3 миңче жыл мурда Ж-дин формасы ж-дө туура түшүнүктөр пайда боло баштаган. Байыркы халдейлер Айдын тутулуусунан Ж-дин шар түрүндө экенин 1-жолу байкашкан. Пифагор, Парменид (б. з. ч. 6–5-к.)
ж-а Аристотель бул кубулушту ил. жол м-н аныктоого аракет кылган. Байыркы илимпоздордун көбү Ж. Ааламдын борбору (геоборб. окуу) деп эсептешкен, бирок гелиоборб. (Күн – дүйнөнүн борбору) көз караштар да болгон. О. кылымдарда Ж-дин шар сымал экени ж-а кыймылы жокко чыгарылган. Кайра жаралуу доорундагы Географиялык улуу ачылуулардан кийин Ж-дин формасы ж-дөгү туура түшүнүктөр кайрадан өөрчүй баштаган. 1543-ж. Коперник дүйнөнүн гелиоборб. системасын ил. негизде аныктаган. Ж-дин «катуу» бөлүгүнүн структурасы 20-к-да сейсмологиянын жетишкендиктеринен улам такталган. 20-к-дын 2-жарымында ракета, спутниктердин жардамы м-н атм-ранын жогорку катмары ж-а магнитосфера изилденди. Ж-дин турпатын ж-а өлчөмүн геодезия, Аалам телосу катары кыймыл-аракетин астрономия, заттарынын физ. абалын, бардык геосфералардагы физ. процесстерди, күч талааларын геофизика, хим. элементтердин таралыш законун ж-а алардын миграция процессин геохимия, жер кыртышынын курамын ж-а анын өнүгүү тарыхын геол. илимдердин комплекси, геогр. кабык м-н биосферадагы табигый процесстерди география ж-а биология илимдери изилдейт.
Ж-дин чоң аймакты ээлеп жаткан эң сырткы катмары – магнитосфера (Жер айланасындагы мейкиндик). Ж-дин магнит талаасы Күндөн келген заряддуу бөлүкчөлөрдү тосуп, планетанын айласында Жердин радиациялык алкагын түзөт (к. Жер магнетизми). «Катуу» Ж. м-н бирге айланып, аны курчап жаткан аба катмары – атмосфера. Атм-ранын 200 км бийиктикке чейинки негизги компоненти – азот. Андан жогору кычкылтек атомдорго ажырап, 600 кмден баштап гелий, ал эми 2 миң кмде суутек басымдуулук кылып, Ж. айланасында суутек таажысын пайда кылат. Геогр. кабыктагы физ., хим., биол. процесстердин бирден бир булагы болгон Күн нуру атм-ра аркылуу Жер бетине
өтөт. Ж-ди курчап жаткан суу катмары (гидросфера) туташ эмес. Анын 94%ин океан-деңиздер , 4%ин жер астындагы суулар, 2%ин кармуз-мөңгүлөр, 0,4%ин – кургактыктагы суулар (дарыя, көл, саз), бир азын атм-ра м-н организмдердин курамындагы суулар түзөт. Суу массалары бири-бирине өтүп турат. Гидросферада бардык хим. элементтер бар. Ж-дин эң үстүнкү «катуу» катмары – жер кыртышы (А). Анын түзүлүшү өтө татаал ж-а бир тектүү эмес. Жер кыртышынын ичинен кеңири тараганы – материктик ж-а океандык кыртыш. Материктик кыртыш 3 кабаттан турат: үстүнкү (чөкмө кабат, калыңдыгы 0–20 км), ортоңку (шарттуу түрдө «гранит» кабаты, 10–40 км) ж-а астыңкы («базальт» кабаты, 10–70 км). Океан түбүндө
чөкмө кабаттын калыңдыгы бир нече жүз мге араң жетет; «гранит» кабаты жок. Анын ор-