ЖАЙЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 23 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЫЛ – Чүй облусунун Жайыл районундагы кыш­так. Жайыл айыл округуна караштуу. Биш­кек – Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 770 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору – Кара-Балта шаарынан ж-а темир жол беке­тинен 14 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Кал­кы 1303 (2007); негизинен мал чарбасында эм­гектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, амбулато­рия, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Э. Скворцова туулган.