ЖАЙЫЛГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЫЛГАН – Талас обл-нун Манас р-нунда­гы кыштак. Покровка айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 725 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Покровка кыш-нан 3 км түн. тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен 30 км. Кыш­так 1900-ж. негизделген. Калкы 1289 (2007); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган.