ЖЕРГЕЗ КӨРҮСТӨНҮ
ЖЕРГЕЗ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 2-к.– б. з. 2-к-на таандык археол. эстелик. Ысык-Көл обл-ндагы Жергез суусунун боюнда жайгашкан. Ал түндүктөн түштүккө карай эки катар созулуп жаткан 50 дөбөдөн турат. Дөбөнүн ар биринин диаметри 10–30 м, бийикт. 1,5 мге чейин. 1949-ж. археолог А. Н. Бернштам эки мүрзөнү казып изилдеген. Карапа идиштер, темир буюмдардын сыныктары табылган.
Ад.: Бернштам А. Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. М.; Л., 1952.