ГРИПП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИПП (фр. grippe) – вирустар козгоочу, катуу кармаган өтө жугуштуу оору. Анын козгогучун 1933-ж. англ. вирусологдор У. Смит, Ф. У. Эндрюс, П. Лейдлоу ачышкан. Негизинен жогорку дем алуу жолдорун жабыркатат. Инкубациялык (жашыруун) мезгили кыска (1–2 күн) болгондуктан, ал эпидемия ж-а пандемия түрүндө таралат. Аны вирустун 3 түрү (А, В, С) пайда кылат. Вирустар суукка чыдамдуу келип, ысытканда, күн нурунан, дезинфекциялаганда тез өлөт. Оору козгогучу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө чачыраган шилекей, какырык ж. б. м-н сырткы чөйрөгө бөлүнүп чыгып, абаны булгайт. Соо адамга булганган аба ж-а буюмдар аркылуу жугат. Айрыкча жаш балдар, улгайган, о. эле өнөкөт оорулуу адамдар ооруга тез чалдыгат. Оору демейде капысынан башталат. Чыйрыктырып, эти ысыйт (38–39°С, кээде андан жогору), мурду бүтүп, суу агат, жөтөлөт, чүчкүрүп, көзүнөн жаш агат, тамагы, башы, булчуӊдары ооруйт. Оорулуу өз убагында дарыланбаса оор кабылдоолорго – өпкөнүн, ортоӊку кулактын (отит), мурундун кошулма коӊулдарынын (гайморит) сезгенүүлөрүнө, жүрөк, мээнин ж. б. органдардын жабыркашына алып келиши мүмкүн. Г-тин алдын алууда оорулууну өзүнчө бөлмөгө бөлүп жаткырып, анын идиш-аягын, буюмдарын бөлөк кармоо зарыл. О. эле организмди чыӊдоо чоӊ мааниге ээ. Г-ке каршы эмдөө жүргүзүлөт.