ЖАМГЫРЧИЕВ Качаган
ЖАМГЫРЧИЕВ Качаган (1892, Ысык-Көл облусу, Түп району, Санташ кыштагы – 1977, Нарын облусу, Тянь-Шань району, Улакол кыштагы) – малчы, Кыргыз ССРинин илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). 1933-жылдан Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы № 53-жылкы заводунунУлакол бөлүмүндө чабан болуп эмгектенген. Тянь- Шань коюн чыгарууга катышкан.