ЖАЙЫТ БИОЦЕНОЗУ
ЖАЙЫТ БИОЦЕНОЗУ – жайыт биогеоценозун түзгөн организмдер тобу. Аны өсүмдүктөр жалпылыгы (фитоценоздор) м-н жаныбарлар дүйнөсү (зооценоздор) түзөт. Мында афтотроф организмдердин ичинен чөп өсүмдүктөрү чоң мааниге ээ. Жайыттардагы чөп өсүмдүктөрү – гетеротроф организмдер үчүн негизги азык заттын ж-а энергиянын булагы. Жайыт фитоценоздорундагы чөп өсүмдүктөрүнүн жалпы саны 4 миңге жакын, алардын басымдуу бөлүгүн татаал гүлдүүлөрдүн ж-а кылканактуулардын өкүлдөрү түзөт. Ошондой эле чанактуулар, ыраңдар, сары байчечекейлер, эрин гүлдүүлөр, көк базиндер, кайчылаш гүлдүүлөр кездешет. Кээ бир жайыт биогеоценоздорунда шиберлерди ж-а балырларды да жолуктурууга болот. Ал эми кай биринде дарактар, бадалдар, бадалчалар ж-а эңилчектер да кездешет. Кыргызстанда 1960–70-жылдары малдын көптүгүнөн жайыт биоценозу табигый деңгээлинен четтөөгө дуушар болуп, азыркы учурда калыбына келүүдө.