ЖАМАНБАЕВ Жеңис

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАМАНБАЕВ 2 to ЖАМАНБАЕВ Жеңис) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНБАЕВ Жеңис Анаркулович (1946-жылы туулган, Казак ССР, Жамбыл облусу, Касык Курдай району) – химия илимдеринин доктору (1991), профессор (2000). КМУ-ну (1967), Кыргыз ССР ИА ОХИнин аспиранту­расын (1973) бүтүргөн. Органикалык эмес ж-а физикалык хи­мия институтунда кенже, улук илимий кызматкер, ОХИ-де лаборатория башчысы, 1993-жылдан КР УИАнын химия-комплекстүү технология институтунда лаборатория башчысы. Углеводдордун химиясы ж-а табигый бирикмелер боюнча адис. Ал химия-терапиялык агенттердин маанилүү классына кирген нитро­зоалкилмочевинанын углеводдук туундуларын алуунун натыйжалуу ыкмасын иштеп чыккан. 180ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 17 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Карбамиды углеводов (соавтор). Б., 2000.