ЖАНЫБАРЛАР МИГРАЦИЯСЫ
ЖАНЫБАРЛАР МИГРАЦИЯСЫ – жаныбарлардын мекендеген жериндеги жашоо шарттын өзгөрүшүнө же өрчүү циклине байланыштуу жер которушу. Жашоо шартынын өзгөрүшүнөн болгон миграция мезгилдик (жыл мезгили, суткалык) ж-а мезгилсиз болуп айырмаланат. М е зг и л д и к м и г р а ц и я табиятта ар түрдүү болот. Сүт эмүүчүлөрдүн, куштардын ж-а курткумурскалардын тоолуу аймактарда өйдө-ылдый көчүшү, омурткасыздардын суунун же топурактын тереңин көздөй оошу, өрдөмө балыктардын деңизден өзөнгө өрдөшү, ал эми тескерисинче өзөндөн деңизге түшүшү ж. б. Деңиз таш бакасы м-н деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн океандагы, туяктуулар м-н кемирүүчүлөрдүн, жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн кургактыктагы, көпчүлүк канаттуулардын, жарганаттардын, курт-кумурскалардын абадагы которулушу миграцияга кирет. М е з г и л с и з м и г р а ц и я д а кээ бир отурукташкан жаныбарлар (тыйын чычкан, леммингдер ж. б.) чөйрө шарттарынын кескин өзгөрүшүнөн (өтө кургакчылык, өрт, суу каптоо ж. б.) жашаган жерин которот. Мындай миграция күтүлбөгөн жерден болуп, жаныбардын кырылышына алып келет. Жаныбарлардын өрчүшүнүн ар кандай стадиясында түрдүү жашоо шартты талап кылуусу личинка стадиясында түрлөрдүн таралышына шарт түзөт (онтогенездик миграция). Ж. м. жаныбарларга белги коюу м-н изилденет.