ЖАПАЙЫ ТООК
ЖАПАЙЫ ТООК , б а н к и в т о о г у (Gallus gallus) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу; жапайы тооктордун 4 түрүнүн бири. Дене уз. эркегиники 75 смге, салмагы 1,5 кгга жетет; ургаачысы кичирээк. Корозунун канаты, башы, көкүрөгү ж-а төшү жалтырак саргыч, куйругу кочкул жашыл түстө. Башында калың терилүү кызыл таажысы ж-а «сөйкөсү», бутунда текөөрү болот. Ургаачысынын жүнү жөнөкөй боз-күрөң түстө. Түш.-Чыгыш Азияда ж-а Индияда, Кытайдын түштүгүндө, Суматра, Ява, Бали а-нда кеңири таралган. Бир нече түрү бар. Токойдо, калың бадал арасында, түздүктө же тоо капталында, кээде 2000 м бийиктикке чейинки тоодо жолугат. Жакшы чуркайт, түз багытка уча алат; жапыз бакка конуп түнөйт. Түрдүү урук, мөмө, өсүмдүк бүчүрү, курт-кумурскалар м-н азыктанат. Бир корозу бир нече мекиян м-н топтошуп жашайт. Уясын жерге чөп-чар төшөп салып, 5–6 жумуртка тууп, 18–20 күн ургаачысы басып чыгарат. Корозу жөжөлөрүнө кам көрөт. Ж. т. Индияда бакмалаштырылып, Европага алып келинип, тооктордун көп пародалары алынган.