ИРАН ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРА́Н ТИЛДЕРИ – инди-европа тил уясынын инди-иран бутагына кирген тилдер тобу. Иран­дан сырткары Афганстан, Тажикстан, Пакис­тан, Россия, Ирак, Түркия, Сирия, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Израил, о. эле Европа ж-а Америка өлкөлөрүнүн диас­пораларына да тараган. И. т. фонетикалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык батыш ж-а чыгыш деген эки чоң топко бөлүнүп, батыш тобу түн.- батыш ж-а түш.-батыш, ал эми чыгыш тобу түн.-чыгыш ж-а түш.-чыгыш топчолоруна ажы­райт.