ИРКУТСК
ИРКУ́ТСК – Россиядагы шаар (1686-жылдан).
Иркутск обл-нун адм. борбору. Иркут д-нын куймасы – Ангара д-нын чатына жакын жайгашкан. Ангара д-ндагы пристань. Калкы 576,0 миң (2008). Транссибирь магистралындагы т. ж. тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын пайда болушуна орус кыштагынын, андан соң Иркутск
чыңдоосунун (1661–69; анда согуш ж-а аң уулоочу куралдар сакталып, Байкал боюндагы тур-

гундарга ар түрдүү товарлар сатылып турган) курулушу түрткү болгон. Кийинчерээк Чыгыш Сибирдин аскер-адм. борбору, 1686-ж. шаар статусун алган. Учурда И. – Чыгыш Сибирдин ири экон., ил. ж-а маданий борбору. Шаардын чегинде (Ангарада) Иркутск ГЭСи курулган. Оор машина, станок ж-а авиакуруу (а. и. аскер самолёттору – СУ-30, ЯК-130, көп функциялуу самолёть-амфибия Бе-200 экспорттолот), электртех. ж. б. ө. ж. ишканалары, слюда иштетүүчү ф-касы иштейт. Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн филиалы, өткөрүлүп турат.