ИРЛАНД ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРЛА́НД ДЕҢИЗИ Атлантика океанында; Улуу Британия м-н Ирландия а-нын аралыгында. Аянты 47 миң км2. Эң терең жери 197 м. Океан м-н Түн. деңиз ж-а Ыйык Георг кысыктары аркылуу туташат. Ири аралдары: Мэн, Англ­си. Суунун темп-расы кышында 5°С, жайында 16°Сге чейин. Туздуулугу 34–34,5‰. Шторм тез­тез болуп турат. Суткасына 2 жолу (8,4 мге че­йин) ташкындайт. Балык (сельд, килька, трес­ка, анчоус) кармалат. Башкы порттору: Ли­верпул (Улуу Британия), Дублин (Ирландия).