ИРРАЦИОНАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРРАЦИОНАЛИ́ЗМ (лат. irrationalis – акыл­эссиз) – таанып-билүүдөгү акыл-эстин ролун танган же чектеген филос. метод. Болмушту ир­рационалдык таанып-билүүнүн негизги ыкма­лары катары эрк, умтулуу, коркуу, өксүк ком­плекси ж. б. психол. кубулуштарды атайт. Мис., досту кырсыкта бил дешет. Демек, достун чы­ныгы жүзүн сезим же акыл м-н эмес, кандай­дыр бир турмуштук жагдайда, мис., башка кыр­сык түшкөндө билүүгө болот.