ИСААКЯН
ИСААКЯ́Н Аветик Саакович [19 (31). 10. 1875, Казарапат, Александрополго (азыркы Гёмри) жакын – 17. 10. 1957, Ереван] – армян акыны. Армян ССР ИАнын академиги (1943). Диний семинарияда окуган (1889–92). Чыг-лыгы 1892- жылдан башталган. Алгачкы ырлар жыйна-
гы – «Ырлар жана жаракаттар» (1897). Орус падышалыгы, түрк султаны, жерг. эзүүлөрдөн жабыр тарткан армян элинин муң-кайгысын ырга кошкон, биринчи орус рев-ясынын тушунда социалдык ж-а улуттук эзүүгө каршы ырлар жазган. 1909–11-ж. «Абул Ала Маари» аттуу филос. поэма жараткан. 1911-жылдан келип-кетип чет мамлекетте жашаган. 1936-ж. Арменияга биротоло келип, маданий-коомдук зор иштерди жүргүзгөн, жаңы ыр циклдерин жазган («Биздин тарыхчылар жана гусандар», 1939; «Мекениме», 1940; «Армян архитектурасы», 1942). Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы чыгармаларында патриотизм негизги орунду ээлейт («Жүрөгүм менин тоо башында», 1941; «Улуу жеңиштин күнү», 1945 ж. б.). Бул чыгармалары үчүн И-га СССР мамл. сыйл. (1946) берилген. Ырлары бир катар чет тилдерге которулган. Армян ССР Жогорку Советинин (2–4- шайланышынын) депутаты. Эки Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Чыг.: Избранное. М., 1970; Тууган жердин түтүнү.
Ырлар жана поэма. Ф., 1975.
Ад.: Григорьян К. Творческий путь Аветика Исаакяна. М., 1963.