ИСАЕВ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Беделбай [1911, Ош обл., Совет (азыр­кы Кара-Кулжа) р-ну, Чалма айылы – 1985, ошол эле жер] – а. ч. өндүрүшүнүн ишмери. Соц. Эмг. Баатыры (1948). Ош обл-нун Совет р-нун­дагы «Ленинчил жаш» кол-

хозунун колхозчусу, ферма башчысы (1929–40), баш­кармасы (1941–61), бригади­ри (1961–65) болуп иштеген. И-дин жетекчилигинде кол­хоз мал чарбасын өнүктүрүү­дө жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, 1947-ж. р-ндо эң алдыңкы чарбага айланган. 1951–59-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депута­ты. Ленин ордени м-н сыйланган.