ИСАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Шарше [1938-ж. т., Нарын обл., Тянь- Шань (азыркы Нарын) р-ну, Жаңы-Талап айы­лы] – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Эмгек

жолун Нарын обл-нун Тянь- Шань р-нундагы «Жаңы-Та­лап» колхозунда койчу, баш

чабан болуп иштеп, кой чар­басын өнүктүрүүдө ж-а анын кунардуулугун арттырууда жогорку көрсөткүчтөргө же­тишип, 1965-ж. ар жүз тубар койдон 125тен козу, ар кой­дон 3,2 кгдан жүн кыркып алган. Ленин ордени м-н сыйланган.