ИСАНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАНОВ Насирдин (7. 11. 1943, Ош обл., Ноо­кен р-ну, Көк-Бел айылы – 29. 11. 1991, Жа­лал-Абад обл., Кочкор-Ата ш., сөөгү Бишкек­ке коюлган) – коомдук-мамл. ишмер. Москва

инж.-курулуш ин-тун (1965),

Алматы жогорку парт. мек­тебин (1975) бүтүргөн. Мос­ква курулуш трестинде жу­мушчу (1960–61), «Ош шаар курулуш» трестинде прораб, башкы инженер (1965–70), Кырг-н КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүндө инс­труктор (1970–74), «Нарын суу энергия курулуш» баш­кармасында парткомдун секретары (1974–76). Кырг-н КП БКнын шаар чарба ж-а курулуш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы (1976), Кыргыз ССРи­нин Мамл. курулуш к-тинин төрагасынын орун басары (1983–86), Кыргыз ССРинин курулуш министри (1986–88), Ысык-Көл обл. советинин аткаруу к-тинин төрагасы (1988–90), КРдин вице-президенти (1990–91), КРдин Премьер-ми­нистри (1991). СССР Инж. академиясынын ака­демиги (1991). Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1980, 1985, 1990). Эмгек Кы­зыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сый­ланган. Эгемендүү Кырг-ндын алгачкы Премьер­министри катары анын экономикасын кайра жөнгө салууда чоң салым кошкон. Бишкек ш-нын бир көчөсүнө, КМКТАУга ысмы ыйга­рылып, Эркиндик бульварына эстелиги орно­тулган.