ИСЛАМ ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСЛАМ ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ(1979) – Иран­дагы мамл. түзүлүштү ж-а иран коомчулугу­нун жашоо шартын өзгөрткөн рев-я. 20-к-дын 60–70-жылдарында Иранда М. Р. Пехлеви шах­тын жүргүзгөн реформалары мамлекеттин кри­зистик абалын өзгөртпөгөндүктөн, 9-январда 1978-ж. Кум ш-нда диний окуу жайларынын окуучулары демонстрацияга чыгышкан. Шах аскери аларды атып, рев-янын башталышына түрткү берген. Өлкө аймактарында көтөрүлүш­төр күч алган. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчүн майда соодагерлер, жумушчулар, ишкер­лер, студенттер түзүп, дин кызматкерлери же­тектеген. Оппозициянын талабы б-ча М. Р. Пех­леви бир нече өзгөртүүлөрдү (оюн-зоок үйлөрү жабылып, иран календары мусулман кален­дарына алмаштырылган) киргизген. Бирок 1978-ж. сентябрь айында Тегеран (1 млнго жа­кын) ж. б. шаарларда өкмөткө каршы жумуш­чулар, кызматкерлер ж-а студенттер чоң демон­страцияларды өткөрүшкөн. Бийлик буга жооп катары 12 шаарга согуш абалын киргизген. Бул учурда Иранда оппозициянын чет мамлекетте сүргүндө жүргөн лидерлеринин бири Р. М. Хо­мейнинин таасири күч ала баштаган. Бирок 1978-ж. күзүндө оппозициянын ичинде аскердик

төңкөрүштөн корккон М. Р. Пехлеви шах м-н келишүүгө ыктаган топ (К. Санжаби, Ш. Бах­тияр, М. Базарган, аятолла К. Шариатмадари) түзүлгөн. 1978-ж. декабрь айынын аягында Ш. Бахтияр М. Р. Пехлеви сунуштаган өкмөттү жетектөөгө макулдук берген. Р. М. Хомейни Ш. Бахтиярдын өкмөтүн мыйзамсыз деп жарыя­лап, элди рев-яны улантууга чакырган. Тегеран­да Р. М. Хомейнинин жактоочулары Рев-ялык ислам кеңешин түзүшкөн (12-январь, 1979). М. Базарган жетектеген Рев-ялык ислам кеңе­ши Убактылуу рев-ялык өкмөт түзгөн. Рев-я күндөн-күнгө күч алып, Ш. Бахтиярдын өкмөтү кулай баштаган. 1979-ж. 1-февралда Р. М. Хо­мейни чет мамлекеттен Тегеранга кайтып кел­ген. Р. М. Хомейнинин тапшыруусу б-ча М. Ба­зарган мамлекеттеги кош бийликти тынчтык жол м-н жоюуга аракеттенип, жогорку аскер командачылыгы ж-а Ш. Бахтиярдын өкмөтү м-н сүйлөшүүлөрдү баштаган. 1979-ж. 9-февралда шах гвардиясынын бөлүмүнүн өздүк курамы рев-яга катышкан ААКтын окуу базасына Те­герандын жанында кол салган. Натыйжада, Те­геранда куралдуу көтөрүлүш чыгып, шахтын ас­кери оппозиция тарабында болгон можахеддер м-н федайлардын отряддарынан жеңилген. 11- февралда шах бийлигинин акыркы таянычы – Ирандын жогорку аскер кеңеши армиянын бей­тараптыгын жарыялап, рев-ячыларга кошулган. Тегерандагы көтөрүлүш стихиялуу өтүп, мо­нархия жоюлган. 1979-ж. 30–31-мартта Иран­да референдум өтүп, Иран Ислам Республикасы түзүлгөн. 1979-ж. Убактылуу рев-ялык өкмөт кетип, бийлик Рев-ялык ислам кеңешине өткөн. 1979-ж. 2–3-декабрдагы референдумда Ирандын жаңы Конституциясы кабыл алынып, ал б-ча мамлекет башчысы – Ислам рев-ясынын баш­кы жетекчиси деп аталган. Р. Х. Хомейни мам­лекеттин башчысы болуп, анын алдында Улут­тук коопсуздук б-ча жогорку кеңеш түзүлгөн. Ислам кеңешинин чогулушу (межлис) ж-а ат­каруу бийлиги (президент жетектеген өкмөт) түздөн-түз жогорку динаят жетекчилигине баш ийип калган. Шиит багытындагы ислам дини расмий дин катары кабыл алынган.