ИСПАН ТИЛИ
ИСПАН ТИЛИ – испандардын ж-а Латын Америкасындагы көпчүлүк элдердин тили. Испания Королдугунун (а. и. Түн. Африкадагы Сеута ж-а Мелилья анклавдарынын), Түш. Америкада Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама, Сальвадордун расмий, Аргентина, Венесуэла, Колумбия, Парагвай, Перу, Боливия, Уругвай, Чили, Эквадордун тең расмий тили (жерг. тилдер м-н катар). БУУнун расмий ж-а жумушчу тилдеринин бири. И. т. роман тил тобуна кирет. Испания аймагы эки негизги диалектилик ареалга бөлүнөт: түн. (кастилия, арагон-каварра ж. б. диалектилер) ж-а түш. (андалус, канар ж. б. диалектилер). Испан адабий тили кастилия диалектисинин негизинде түзүлгөн. Граммат. түзүлүшү б-ча жөнөкөйүрөөк: зат
ж-а сын атоочтор жөндөлбөйт, сөз ирети француз тилине караганда эркин келет. Башка роман тилдериндегидей эле И. т-нде этиштин формалары да бар. Испан графикасы латын алфавитинин негизинде. Жазуусунда тыбыштык принцип алынган.