ИСРАИЛОВ
ИСРАИЛОВ Мукаш (17. 8. 1942-ж. т.‚ Нарын р-ну‚ Миң-Булак айылы) – экономист, экономика илимд. доктору (1998)‚ КРдин эмг. сиң. экономисти (2007). Бухгалтериялык эсеп б-ча адис. Фрунзедеги финансы-экон. техникумду (1960)‚ КМУну (1965)‚ Москва экономика-статистика интунун аспирантурасын (1970) бүткөн. Фрунзедеги ун комбинатында бухгалтер (1960–65)‚ Кыргыз CCР даярдоо министрлигинде экономист (1965)‚ КМУда окутуучу‚ доцент (1965–76)‚ КАЧИде кафедра башчысы (1976–79)‚ Кыргыз айыл чарба министрлигинде Мал чарба ж-а жайыт ИИИде бөлүм башчы‚ директордун орун басары (1980–87), КААда кафедра башчысы‚ декан‚ проф. (1990–99)‚ КУУда проф. (2000–04), 2004-жылдан КРСУда кафедра башчысы. 40тан ашуун ил. эмгеги‚ а. и. 5 монографиясы жарык көргөн. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Проблемы аграрной реформы: управленческоинформационные аспекты. Б.‚ 1997; Cовременные
проблемы аграрной реформы (авторлош). Б.‚ 1999; Проблемы развития бухгалтерского учёта и аудита в Кыргызстане. Б., 2003.