ИСТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́СТОН Дейвид (24. 6. 1917-ж. т., Канада, То­ронто) – амер. саясат таануучу. Саясат таануу­да биринчилерден болуп системалык ыкманы колдонгон. И-дун үчилтиги: «Саясий система» (1953), «Саясий анализ үчүн концепциялык структура» (1965), «Саясий турмушту система­лык анализдөө» (1965) – бул системалык ана­лизди саясат таанууда пайдаланууга кийирген зор салым. И-дун саясий анализ методу эки ар­тыкчылыкка ээ. Биринчиден, саясий система бул анын структураларынын өз ара аракетте­ринин жөн гана системасы эмес, бул дайыма өзгөрүп ж-а өкүм сүрүп туруучу, динамикалык система экендигине негизги көңүлдү бургандыгын­да. И-ду өтүп жаткан процесстерди анализдөө кызыктырган. Ал саясий системанын структу­ралар системасынын тынымсыз өкүм сүрүүсүн камсыз кылуудагы ролу ж-дөгү маселени кой­гон. И. саясий системаны өз ара аракеттер ка­тары аныктайт. Ошол өз ара аракеттердин жар­дамы м-н коом авторитеттүү түрдө бөлүштүрүлөт ж-а анын негизинде коомдун мүчөлөрүнүн орто­сундагы конфликттерге жол берилбейт. Кайсы саясий система болбосун, аны жашап турат де­ген көз караш м-н карап, И. системанын кирүү­сүндөгү ж-а чыгуусундагы жашоонун көрсөткөн күчтөрүн өлчөөдө «кибернетикалык принципти» колдонгон. Анын «кирүүсүндө» – жарандардын суроолору ж-а талаптары, ал эми «чыгуусунда» – бийликтин чечимдери ж-а аракеттери болот. Экинчи артыкчылыгы, И-дун эң сонун стан­дартташтырылган ж-а логикалык концепция­лык структурасы ар кандай саясий системалар­ды салыштырмалуу анализ жүргүзүүгө жардам берет.