ИС УРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИС УРУУ – көмүртек кычкылы (СО) – ис газы м-н уулануу. СО жытсыз, түзсүз, өтө ууланды­руучу газ. Орг. заттардын толук эмес күйүүсүнөн бөлүнүп чыгат. Тиричиликте меш жагуу эреже­син бузганда, о. эле кыймылдаткычы иштеп


турган автомобилдин ичинде уктаганда ж. б. учурларда ууланат. Ис организмге кирип, окси­гемоглобиндин кычкылтегин сүрүп чыгарып, зыяндуу карбоксигемоглобинди пайда кылат. Натыйжада организмде кычкылтек жетиш­сиздик пайда болуп, ткандардын дем алуусу ж-а организмдин бардык системаларынын иши бузулат. Уунун организмге кирген өлчөмүнө жа­раша уулануу оор же жеңил ж-а катуу кармаган же узакка созулуучу өнөкөт түрлөрү болот. Анын белгилери: баш ооруйт, айланат, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кусат, дене калчылдап, ал­сырайт. Өтө ууланганда акыл-эс элдир-селдир болуп, эстен тануу м-н аралашкан уйку басат. Карек чоңоюп, дем алуу үстүрт болуп, тырышат. Врачка чейинки биринчи жардамда оорулуу­ну тез таза абага чыгарып, нашатырь спиртин жыттатуу, көкүрөгүнө сүртүү керек. Андан ки­йин дарылоо мекемелерине жеткирүү зарыл.