ИСФАЙРАМ-САЙ
ИСФАЙРАМ-САЙ , И с п а й р а м – Кырг-ндын Баткен обл-нун ж-а Өзбекстандын аймактары аркылуу аккан суу. Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Чоң Фергана каналына кошулат. Уз. 122 км, алабынын аянты 2220 км2. Фергана ойдуңуна чыккан жеринде кеңири жайылма шилендилерди пайда кылат. Алабында жалпы аянты 37,4 км2ге жеткен 39 мөңгү бар, Июлда кирип, сентябрда тартылат. Февралдан мартка чейин сууга өтө өксү. Жылдык орт. чыгымы 22 м3/сек; эң көбү – 162 м3/сек, эң азы – 5,7 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Кубасай кыш. орун алган.