ИСФАНА 1
ИСФАНА – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы суу. Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы – Алтын-Бешик тоосунун түн. капталынан башталат. Уз. 335 км, алабынын аянты 330 км2. Бийик тоолуу капчыгайдан Түз-Жайлоо өрөөнүнө чыкканда, жерге сиңип кетип, Исфана – Кара- Булак өрөөнүндө кайра чыгат да, ага Тегирмелик суусу кошулат. Төмөнкү агымында Кара-Суу ж-а Андарсай деп да аталат. Суусунун көбү жерге сиңип кеткендиктен, жылдык орт. чыгымы өтө аз (0,2–0,5 м3/сек). Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Эң чоң чыгымы май – июнь, эң азы февраль – март айларында байкалат. И-дан сугат каналдары башталат. Боюнда Исфана ш. ж-а кыштактар жайгашкан.