ЖАРЫК АРАЛЫК ЧЕНЕГИЧ
ЖАРЫК АРАЛЫК ЧЕНЕГИЧ , о п т и к а л ы к ч е н е г и ч – аралыкты жарык (оптикалык нурдун) басып өткөн убакыт б-ча ченөөчү курал. Ал жарык булагы, анын параметрин (өлчөмүн) тескөөчү түзүлүш, берүүчү, кабыл алуучу система (түйүн), фото-кабыл алгыч ж-а убакыт аралыгын ченегич түзүлүштөрдөн турат. Ж. а. ч. нурдун объектиге чейин ж-а андан кайра келүү убактысын эсептөө ыкмасына жараша импульстуу ж-а фазалуу болуп бөлүнөт. И мп у л ь с т у у Ж. а. ч-те нурлануу булагы катары лазер колдонулат. Анын нуру кыска импульс түрүндө таралат. Жай өзгөрүүчү аралыкты ченөөдө жекече импульстуу, тез өзгөрүүчү аралыкта нурлануунун импульстук режими (тартибин) пайдаланылат. Ф а з а л у у Ж. а. ч-те жарык булагы катары кызытма же газ-жарык лампалары, жарык диоду ж-а лазер колдонулат. Оптикалык чагылдыргычы бар газ-лазерлүү Ж. а. ч. 100 кмге чейинки аралыкты аныктайт.