ИТАЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТА́ЛИЯ , И т а л и я н Р е с п у б л и к а с ы – Европанын түштүгүндөгү мамлекет, Жер Орто­лук деңиздин алабында. Апеннин ж. а-н, Падан түздүгүн, Альп тоолорунун түш. капталдарын,

Сицилия, Сардиния о. эле майда аралдарды ээлейт. И. – Франция, Швейцария, Австрия, Словения, Сан-Марино ж-а Ватикан м-н чек­тешет. Батышынан Лигурия ж-а Тиррен, түштү­гүнөн Иония, чыгышынан Адрия деңиздери м-н чулганат. Аянты 301,3 миң км2. Калкы 59,3 млн (2008). Борбору – Рим. Акча бирдиги – евро (2000-ж. чейин – лира). Расмий тили – ита­лян тили. И-нын аймагы адатта 3 тарыхый­экон. аймакка бөлүнөт: Түн., Борб. ж-а Түш. Адм.-айм. жактан 20 облуска бөлүнүп, алар 109 провинцияны камтыйт (к. таблицаны).
БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Ев­ропа союзунун (1993; 1958–67-ж. Европа экон. кызматташтыгы; 1967–92-ж. Европа кызмат­таштыгы), НАТОнун (1949), Евратомдун (1958), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1947), Бүткүл дүйнөлүк соо­да уюмунун (1995), ЕККУнун (1973), Европа экон. кызматташтыгы ж-а өнүгүү уюмунун (1961) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. И. – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – парламенттик рес­публика. Азыркы конституциясы 1947-ж. 22- декабрда кабыл алынган. Мамлекет башчысы – президент. Аны парламент эки палатанын бир­гелешкен жыйынында 7 жылдык мөөнөткө шайлайт. Президент премьер-министрди да­йындайт. Мыйзам чыгаруу бийлиги эки па­латалуу парламентке (Сенат ж-а Депутаттар палатасы), аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган Министрлер кеңешине таан­дык.
Саясий партиялары: Христиан-демокр. пар­тиясы, Солчул күчтөрдүн демокр. партиясы (мур­дагы И. коммунисттик партиясы).

Табияты

. И. – аймагы материкте (ири орогр. объектилери – Альп тоолору, Падан түздүгү ж. б.), жарым аралда (Апеннин ж. а.) ж-а арал­дарда (Сицилия, Сардиния, о. эле Тоскана ар-

Везувий жанар тоосу.

хипелагы, а. и. Эльба а., Кампано архипелагы, Капри а., Липари аралдары, Пантеллерия а. ж. б. көптөгөн майда аралдар) жайгашкан тоо­луу өлкө. Батыш Альп тоолорунда анын, о. эле И-нын эң бийик чокусу – Монблан жайгашкан, бийикт. 4807 м. Апеннин ж. а-нын басымдуу бөлүгүн Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт. Өлкөнүн түштү­гүндө аракеттеги (Этна, Везувий) ж-а өчкөн жа­нартоолор бар. И. Альп-Гималай кыймылдуу облусунда жайгашкан; жер титирөө тез-тез бо­луп турат. Коргошун, цинк, алтын, күмүш, темир, о. эле марганец, сымап, сурьма, боксит, күрөң көмүр, нефть ж-а табигый газ ж. б. кен-

Гарда көлү.

дери бар. Климаты өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө субтропиктик жер ортолук деңиздик, түндүгүндө мелүүн. Жайы кургакчыл ж-а ысык, июлдун орт. темп-расы 23–26°С, түштүктөн соккон си­рокко шамалынын таасиринен 40–45°Сге чейин көтөрүлөт. Кышы жылуу ж-а жаанчыл, январ­дын орт. темп-расы түздүктөрдө 8–11°С. Кар тоо­лордо гана жатат. Жылдык жаан-чачыны

Капри көлү.
Апеннин этегиндеги агроландшафт.

түздүктөрдө 600–1000 мм, тоолордун айдарым беттеринин айрым жерлеринде 3000 ммден ашык (көбүнчө жылдын суук мезгилинде жаайт). Түндүгүндөгү дарыялардын суусу мол, гидроре­сурска бай, сугатка ж-а кеме жүрүү үчүн пайдала­нылат. По (И-дагы эң чоң дарыя), Арно ж. б. да­рыялардын өрөөндөрүндө суу ташкыны болот. Борб. ж-а Түш. И-дагы дарыялардын суусу аз. Альп тоолорунун этегинде ири көлдөр (Гарда, Комо, Лаго-Мажоре) көп; бийик тоолордо 800дөн ашык

Батыш Альп тоолорундагы Гран-Парадизо улуттук паркы.

мөңгү бар. Жапыз тоолордо маквис ж-а гарига, айрым жерлерде эмен, каштан ж-а бук токою, пиния ж-а альп мырза карагайы өсөт. Деңиз деңг. 800–1800 м бийикте эмен, карагай-көк карагайлуу (Альп тоолорунда) ж-а жалбырагы күбүлмө токой (Апеннинде), андан бийигирээк субальп ж-а альп шалбаасы (Альп тоолорунда), ийне жалбырактуу токой (Апеннинде) ж-а айрым жерлери шалбаа өсүмдүктөрү м-н капталган.
И-да жалпы 2,9 млн га жерди ээлеген коргоо­го алынган 772 табигый аймак уюшулган; а. и. жалпы аянты 1,34 млн га болгон 22 улуттук парк бар, алардын эң алгачкылары ж-а белги­лүүлөрү – Гран-Парадизо (1922), Чирчео (1934) улуттук парктары. Тиррен ж-а Адрия деңизде­ринин жээктеринде Европанын көптөгөн кел­гин куштары кыштайт. Ошого байланыштуу коргоого алынган 48 аймак эл аралык мааниде­ги суу-саздуу жер болуп саналат. Коргоого алын­ган деңиз мейкиндиктери, а. и. ЮНЕСКОнун био­сфералык резерватына киргизилген Мирамаре деңиз паркы 2,8 млн га аянтты ээлейт. Липа­ри а. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­гизилген.

Калкы

. Италяндар өлкөнүн калкынын 92,5%ин түзөт, а. и. сицилиялыктар 8,3%, сар­диниялыктар 2,3%. Төрөлүү мурда өтө жогору (1970-ж. 1000 адамга 16,5 бала туура келген) бол­гон, азыр И. төрөлүү деңгээли б-ча (1000 адамга 8,5 бала) Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн

Позитино шаарынын деңиз жак жээги.

ичинен акыркы орундардын бирин ээлейт. Өлүм­житим (10,5 адам) төрөлүүдөн ашат. И-нын кал­кы Европа ж-а дүйнөдөгү эң картаң калк (орт. жашы 42 жыл). Калктын курактык структура­сында 15 жашка чейинки балдар 13,8%ти, эм­гекке жарамдуу курактагылар (15–64) 66,4%ти, 65 жаштан ашкандар 19,9%ти түзөт (2007). Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 196дан

Флоренция шаары.

ашык киши туура келет. Падан түздүгү м-н Тир­рен ж-а Адрия деңиздеринин жээктеринде калк жыш (1 км2 жерге 400 адамдан ашык), түн. ж-а борб. тоолуу аймактарда, Сардиния а-нда сей­рек отурукташкан. Шаар калкы – 67,6% (2005). Ири шаарлары (2008): Рим (калкы 2,5 млн; шаар айланасы м-н 3,9 млн), Милан (1,3 млн; 4,3 млн), Неаполь (965,4 миң; 3,8 млн), Палермо (652,9 миң; 1,0 млн), Генуя (588,4 миң; 689,6 миң). И-нын калкынын 90%и – католиктер, 5%и баш-

Каррара шаары.

ка конфессиялардын өкүлдөрү, негизинен мусул­мандар м-н иудейлер.

Тарыхы

. И-нын аймагында адам палеолит дорунда жашай баштаган. Коло (б. з. ч. 2-миң жылдык) ж-а темир доорлорунда (б. з. ч. 1-миң жылдык) жашаган лигури, этруск, италик уруу­ларына таандык бир катар археол. мад-ттар калган. Латындар м-н сабиндер (италик уруу-

сунан) б. з. ч. 6-к-дын ортосунда Римди негиз­деген. 5–3-к-да Апеннин ж. а-н караткан соң, б. з. ч. 2-к-да ири кул ээлик мамлекет түзүлгөн (к. Рим байыркы). Кул ээлик системанын кри­зиси (б. з. 3-к-нан) ж-а варварлардын 4–5-к-дагы кысымы 476-ж. Рим империясын кулоого алып келген. Империянын Батыш бөлүгүн варварлар (башчысы Одоакр) басып алган. И-да 493– 554-ж. остготтор (борб. Равенна) мамлекети түзүлгөн. 554-ж. И-нын көп бөлүгүн Византия караткандан кийин Рим империясы калыбына келтирген. Түн. И-ны 568-ж. лангобарддар ба­сып алып, өзүлөрүнүн королдугун түзгөн. Алар­дын тушунда кул ээлик система бузулуп, эр­кин жамааттар негизги өндүргүч күчкө айланган. И. айрым феодалдык ээликтерге бытырап, гер­ман королу Оттон Iнин баскынчыл жортуулда­рынын (951, 961–62) натыйжасында 962-ж. Ыйык Рим империясынын курамына киргизил­ген. 11–12-к-да И. рим папасы м-н герман им­ператорлорунун талашына түшкөн.
Акча-товар мамилелеринин эрте өнүгүшү шаарлардын экон. күч-кубатын чыңдаган ж-а алардын көбү 11–12-к-да өзүн өзү башкарууга жетишкен. Лукка, Милан ж. б. ш-да коммуна­лар түзүлүп, бийлик патрицийлер м-н көпөстөргө өткөн. Крест жортуулдарынын натыйжасында И-лык шаар-коммуналар Европа м-н Чыгыш­тын ортосундагы негизги соода борборуна ай­ланган. Генуя, Пиза, Венеция ж. б. ири комму­налар иш жүзүндө көз карандысыз респ. бол­гон. 8-к-дан арабдар сурап турган Түш. И. м-н Сицилияны 11-к-да норманндар басып алган. Сицилия королдугун бийлеген Фридрих II Штау­фендин (ошол кезде герман императору да бол­гон) Орто И. шаарларын каратуу үчүн 13-к-дын 1-жарымындагы аракетинен натыйжа чыкпа­ган. Түш. И-ны 13-к-дын 60-жылдарында Анжу династиясы бийлеген. 1282-жылдагы элдик көтөрүлүш Сицилия королдугун кулаткан. 14- к-дын башында Сицилия, 15-к-дын ортосунда Түш. И. испандык Арагон королдугунун кура­мына киргизилген. И-лык шаарлардын экон. жактан күч-кубаттуулугу, кол өнөрчүлүк өндү­рүшүнүн өнүгүшү И-да (14–15-к-да эле) капита­листтик мамилелердин пайда болушуна алып келген. И-дагы шаар турмушунун гүлдөшү, ка­питалисттик мамиленин келип чыгышы Кайра жаралуу мад-тынын калыптанышына өбөлгө түзгөн. 16-к-да соода жолдорунун Жер ортолук деңизден Атлантика океанына которулушунан И-нын экономикасы төмөндөй баштаган. Буга бирдиктүү улуттук рыноктун жоктугу, өлкөнүн саясий бытырандылыгы да түрткү болгон. Испа­ния м-н Франциянын И. үчүн болгон күрөшүнүн натыйжасында И. аймагынын кыйла бөлүгүндө чет элдик үстөмдүк орногон. Бул факторлордун баары 16-к-дын 2-жарымында И-да феодалдык­католиктик реакциянын башталышын шарт­тап, социал. карама-каршылыктын кескин кур­чушуна (Түш. И-дагы 17-к-дын 1-жарымында­гы көтөрүлүш), 17-к-дын аягы – 18-к-дын башын­да Испания (1701–14), Польша (1733–35), Авст­рия (1740–48) мурастары үчүн И-нын аймагын­да болгон согуштар анын саясий ж-а экон. жак­тан начарлашына алып келген. И. жериндеги согуштардын токтолушунан улам 18-к-дын 2-жа­рымында И-нын экономикасы жанданып, капи­талисттик мамиле кайрадан өнүгө баштаган. И-лык агартуучулар (Ч. Беккариа, Г. Филанже­ри ж. б.) феод. тартипти жоюуну талап кылган. 70–80-жылдарда Тоскана, Сардиния королдугу сыяктуу И-лык мамлекеттерде агартуу абсолю­тизми маанайындагы реформалар жүргүзүлгөн. 18-к-дын аягынан өлкөнү чет элдик эзүүдөн куткарып, аны бир мамлекетке бириктирүү кый­мылы – Рисоржименто (итал. Кайра жаралуу) кулач жайган. Рисоржименто феодалдык-абс. тартипке каршы чыгып, бурж. түзүлүштү орно­туу максатын көздөгөн. Өлкөнүн патриоттору бирдиктүү И-ны түзүүдө рев-ячыл Франциядан жардам алууга үмүттөнгөн. Бонапарттын И-га жортуулдарынан (1796–97) кийин анда Фран­цияга көз каранды бир нече респ. түзүлүп, бурж. реформалар жүргүзүлгөн. Бирок фр. админист­рациянын талоончул саясаты И-нын экон. өнүгүшүнө бөгөт болгондуктан, дыйкандардын нааразылыгы күчөгөн. Вена конгресси (1814– 15) б-ча Наполеондун жортуулуна чейинки И-дагы феодалдык-абс. монархия калыбына кел­тирилип, И. мамлекеттеринин дээрлик барды­гы (Сардиния королдугунан башкасы) Австрия империясынын курамына киргизилген. Австри­ялык эзүүгө ж-а саясий бытырандылыкка кар­шы күрөшкө карбонарийлер жетекчилик кыл­ган. Алар башкарган бурж. рев-ялар (Неа­политан королдугунда, 1820; Пьемонтто, 1821 ж. б.) жеңилген соң, И-лык демократтар күрөш­түн башка жолун издеген. Ж. Мадзини элдик рев-я чыгаруу ж-а көз карандысыз демокр. респ. түзүү м-н И-ны бириктирүү программасын иш­теп чыккан. Бирок ал түзгөн «Жаш Италия» уюмун эл колдогон эмес. 1848–49-ж. Римде респ. түзүлүп,бурж.-демокр.реформаларжүргүзүлгөн. Бирок контррев-ячыл интервенттердин (Фран­ция, Австрия ж. б.) аскерлери аны биротоло басып салган.
Австрия–Италия–Франция согушунда (1859) Австрия Габсбургдарынын эзүүсүнөн Ломбардия бошотулган. Элдик көтөрүлүштөрдүн натыйжа­сында, монархисттер Модена, Парма, Тоскана ж-а Романья герцогдуктарынан куулган, И-нын түштүгү испаниялык Бурбондордун бийлигинен кутулган. И-нын бошотулган аймагы 1860-ж. Сардиния королдугуна бириктирилип, 1861-ж. бирдиктүү И. королдугу жарыяланган. Австрия- Италия согушунан кийин 1866-ж. ага Венеция кошулуп, конституциялык монархия орногон.

А. Гитлер (оңдо) ж-а Б. Муссолини Мюнхенде (июнь 1940).

И. мамлекети түзүүлөрү м-н эле колониялык со­гушту баштап, Сомалини (1889), Эритреяны (1890), Ливияны (1912) басып алган.
И. биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) Ан­танта тарабында 1915-жылдан катышкан. Со­гуштан кийинки келишимдер б-ча, ага Түш. Тироль, дээрлик бүткүл Истрия ж. б. жерлер караган. Согуштан кийин И. индустриялык-агр. өлкөгө айланган. 1922-ж. Б. Муссолини фашист­тик диктатура орнотуп, И. фашисттик мамле­кетке айланган. Фашисттик И. Эфиопия (1935– 36) м-н Албанияга (1939) агрессиячыл согуш ачып, ал өлкөлөрдү караткан ж-а фашисттик Германия м-н бирдикте респ. Испанияга кар­шы интервенцияга (1936–39) катышкан. Гитлер­дик Германия м-н согуштук союз түзүп, 1940-ж. Германия тарапта экинчи дүйнөлүк согушка (1939–45) кирген. И. Грекияга (1940, октябрь), Югославияга (1941, апрель) кол салып, 1941-ж. 22-июнда фашисттик Германия м-н бирге СССРге каршы согуш жарыялаган. Улуу Ата Мекендик согушта Сов. Армиянын жеңиши, өлкөдөгү ан­тифашисттик кыймылдын өсүшү, англ.-амер. ас­керлердин Сицилияга түшүрүлүшү 1943-ж. 25- июлда Муссолини бийлигинин кулашына алып келген. Бирок 1943-ж. 8-сентябрда фашисттик Германия И-нын көп бөлүгүн басып алган соң, өлкөдө кеңири кулач жайган эң кубаттуу Кар­шылык көрсөтүү кыймылы м-н англ.-амер. ас­керлер 1945-жылдын жазында И-ны бошоткон. 1946-ж. монархия жоюлуп, И. респ. деп жарыя­ланган ж-а конституция (1947) кабыл алынган. 1947-жылдагы тынчтык келишими б-ча И. ко­лонияларынан баш тартып, Югославияга Ис­трия м-н бир катар башка аймактарды, Гре­кияга Додеканес а-дарын ж. б. кайтарып бер­ген. Премьер-министр Маршалл планы б-ча И. 1948-ж. АКШдан экон. жардам алып, 1949-ж. НАТОну түзүүгө катышкан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин И. ө. ж. өнүккөн өлкөгө ай­ланган.
Калктын массалык нааразылык көрсөтүү кый­мыл ынын ө сүү шартт арында башк ару учу партия 1962-ж. солчул борборчул саясатка өт­көн. Алар социалисттер, социал-демократтар ж-а респ-чылар м-н реформанын белгилүү бир программасынын негизинде кызматташууну ж-а компартияны четтетүүнү көздөгөн. А. Фан­фанинин өкмөтү (1962–63) бир нече реформа (электр-энергетика ө. ж. мамлекеттештирилип, пенсия көбөйгөн, дыйкандардын абалы бир аз жакшыртылган) жүргүздү. И-да иш таштоолор­дун эң кубаттуу толкуну көтөрүлүп, өкмөт эл­дин көптөгөн таламын канааттандырууга маж­бур болду. 70-жылдардын башында демокр. кый­мылдын жогорулашы реакциячыл күчтөрдүн, баарыдан мурда неофашисттердин активде­шүүсүн пайда кылды. Бирок И-нын саясий өзөгүн оңчулдаштырууну көздөгөн реакция оңу­нан чыкпай, неофашисттердин аракеттери чеч­киндүү соккуга учураган. 2001-жылкы парла­менттик шайлоодо С. Берлускони түзгөн оң­чулдар коалициясы жеңишке жетсе, 2006-ж. Р. Продинин солчул блогу бийликке келген. Би­рок, Р. Продинин өкмөтү өлкөдөгү социалдык­экон. кыйынчылыктарды жоюуга дарамети жет­пей, 2008-ж. өткөн шайлоодо Берлусконинин «Эр­киндик эли» оңчул-борб. коалициясы жеңишке жетип, Берлускони өлкөнүн премьер-министри болуп калган.

Чарбасы

. И. – дүйнөдөгү экономикасы жогор­ку деңгээлде өнүккөн постиндустриялуу өлкө. ИДПнин көлөмү (1,8 трлн евро) б-ча дүйнөдө 10-, Европа Союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинде 4- орунду (Германия, Улуу Британия ж-а Фран­циядан кийин) ээлейт. ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 31 миң доллардан туура келет. ИДПнин 1,9%и а. ч-на ж-а балык уулоого, 22,7%и ө. ж-на, 6,1%и курулушка, 69,3%и тей­лөө чөйрөсүнө таандык.
Ө. ж-нын башкы тармактары (продукциясы­нын наркы б-ча): машина куруу, тамак-аш (суу­сундук, тамеки өндүрүштөрүн кошкондо), нефть ажыратуу ж-а нефть-химия, текстиль, тигүү ж-а булгаары-бут кийим ө. ж., кара ж-а түстүү металлургия.
И. отун-энергия ресурстарына жарды болгон­дуктан, импортко өтө муктаж. Өлкөдө өндүрүл-

Триест шаарындагы нефть сактоочу жай.

гөн нефть (5,8 млн т; 2006) ички муктаждык­тын 7%ин гана канааттандырат. Нефтини не­гизинен Ливия, Россия, Сауд Арабиясы, Иран, Ирактан алат (87 млн т). Өндүрүлгөн табигый газ (11 млрд м3) ички муктаждыктын 13%ин гана канааттандырат. Газ негизинен Адрия де­ңизинин шельфинен, о. эле Калабриядан казы­лып алынат. Газды Россиядан ж-а Алжирден алат (2006-ж. 77 млрд м3). Энергия ресурстары чектелүү болгондугуна карабастан, И. электр энергиясын өндүрүү б-ча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. 2005-ж. 290,6 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; ал эми өлкө­нүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 309,8 млрд кВт.с. Электр энергиянын 83%и ЖЭСтен, 17%и калыбына келүүчү булактардан (анын 85,2%и ГЭСтен, 10,1%и геотермалдык ЖЭСтен, 4,7%и шамал ж-а күн энергиясынан) өндүрүлөт.
Кара металлургия импорттук сырьёнун неги­зинде иштейт. Сырттан темир кенташы (неги­зинен Бразилиядан), металлолом (Батыш Ев­ропа өлкөлөрүнөн), коксталуучу көмүр алат.
Чоюн, болот, прокаттарды (узун өлчөмдүү ысык, ысык каңылтыр, муздак катанка каңылтыр прокаттарын, темир-бетон конструкциясын ж. б.) чыгарат. Түстүү металлургия да негизи­нен импорттук сырьёну пайдаланат. Мында ал­люминий ж-а коргошун-цинк өндүрүштөрү өзгөчөлөнөт. Глинозём, алюминий, коргошун, цинк, күмүш, алтын, жез ж. б. өндүрүлөт. Ма­шина куруу – өлкөнүн ө. ж-нын экспортко ба­гытталган ири тармагы. А. и. түрдүү транспорт каражаттарын (автомобиль, авиация техни­касы, кеме ж. б.) чыгаруунун мааниси зор. Жеңил («FIAT», «Alfa Romeo», «Lancia» ж. б.) ж-а жүк ташуучу автомобилдерди, автобус, ас­кердик транспорт каражаттарын, кеме, автомо­биль тетиктерин ж. б. чыгарат. Авиация ө. ж. негизинен аскер техникасын даядоого адистеш­кен. Машина куруунун маанилүү секторлорунун бири – аскер продукцияларын өндүрүү. Анда курал-жабдык, аскер техникасы (сооттолгон танк, сооттолгон транспортёр – БТР, дөң­гөлөктүү сооттолгон машина, аскердик чал­гындоо машинасы ж. б.), аскердик электрони-

Портовесмдеги алюминий заводу.

ка, радар системасы, аскердик, жарандык авиа­ция ж-а кеме куруу ө. ж. үчүн мотор ж. б. чы­гарат.
Т. ж. өндүрүшүндө 2004-ж. 112 электровоз, 100 жүк ташуучу вагон чыгарган. И-дан даярдал­ган велосипед м-н мотоцикль спорт үчүн өтө маанилүү. Электр-тех. ж-а электроника ө. ж. тиричилик электр-приборлорун (муздаткыч, идиш-аяк ж-а кир жуучу машиналарды, мик­ротолкун мешин, ашкана мешин, телевизор ж. б.) чыгарууга адистешкен. Жалпы машина куруу ө. ж. продукциясынын экспорттогу үлүшү зор (70%; Европа өлкөлөрүнүн ичинен Германия­дан кийинки 2-орунда). Анда ө. ж. роботтору, автоматтык линия, ширетүүчү ж-а штамптоочу машиналар, трактор тетиктери, текстиль, та­мак-аш ж-а тигүү, тери өңдөө ө. ж. үчүн жабдуу­лары, бут кийим ж. б. даярдалат. А. ч. машина­ларын ж-а жабдууларын (ага кошо түрдүү трак­торлор, топуракты иштетүүчү ж-а жер семирт­кич чачуучу машиналар, эгин жыйноочу ком­байн ж. б.) чыгаруу б-ча И. Европада алдыңкы орундардын бирин ээлейт. О. эле жол куруу тех­никаларын (бульдозер, экскаватор, чаканэкска­ватор, автоматтык жүк жүктөгүч, скепер ж. б.) чыгарат.
Хим. продукциясынын көлөмү б-ча Европада Германия, Франция ж-а Улуу Британиядан кийинки 4-орунду ээлейт. Адистешүүсүнүн не­гизги багыты – хим. була, пластмасса, негизги химия продуктулары (к-та, щёлочь ж. б.) а. ч. химикаттары, лак-боёк буюмдары, тиричилик химиясынын товарлары ж-а косметика кара­жаттары. Жыгач иштетүү ж-а эмерек ө. ж-нын экспорттук мааниси зор. Курулуш материалдар ө. ж-нда белгилүү И. мрамору (каррара ак мра­мору), имараттарды кооздоочу табигый кап­тама таштар кеңири пайдаланылат; асбест, бентонит, бор казылып алынат. Цемент, кыш, карапа такта, кургак курулуш аралашмала­ры, курулуш химикаттары, желим, карапа ж-а фаянс буюм өндүрүштөрү өнүккөн. Айнек ө. ж. негизинен чоң айнек идиштерди, идиш­аяктарды, курулуш ж-а автомобиль ө. ж., оп­тика приборлору үчүн айнектер, хрусталь, ай­нек-кебез, айнек-була чыгарууга адистешкен; көркөм айнеги м-н Венециядагы Мурано а. бел­гилүү.
Текстиль ө. ж. импорттук (пахта, жүн, зы­гыр) ж-а жерг. (жибек, жасалма, синтездик ж-а аралаш була) сырьёдон ийрилген жип ж-а кездеме чыгарат. И. үй үчүн текстиль өндүрүшү [ич кийим, шейшеп, парда, ички жасалга (ин­терьер) ж-а эмерек ж. б. үчүн кездемелер] м-н белгилүү. Бир багытта иштеген тех. текстиль (атм. таасирден сактоочу, а. ч-да, курулушта, о. эле медицинада, аскер иштеринде, ө. ж-нда пайдаланылуучу материалдар) өндүрүштөрүнүн мааниси зор. Тигүү ө. ж. аялдардын ж-а эркек­тердин модалуу кийимдерин даярдоого адистеш­кен. Жогорку сапаттагы ж-а «люкс» классын­дагы товарларды даярдоо салты сакталууда. Бул­гаары ж-а бут кийим ө. ж. – өлкөнүн эл ара­лык адистешүүсүнө кирген салттуу тармагы.
Өңдөлгөн тери (уй, чочко, кой, эчкинин) ж-а рептилия терилери кийим (ичик, тон ж. б.), бут кийим, сумка, аксессуарларды, эмерек ж. б. даярдоодо пайдаланылат. И. өңдөлгөн тери тон­ду экспорттоо б-ча дүйнөдө (20%) алдыңкы орун­дардын бирин ээлейт. Теринин 70%и эмерек каптоого, 20%и бут кийим ж-а 10%и кийим тигүүгө жумшалат.
И. – дүйнөгө мода таратуучу ж-а «люкс» клас­сындагы бут кийим тигүүчү башкы өлкө. Бут кийим чыгаруу өлчөмү б-ча (жылына 244 млн жуп жогорку сапаттагы моделдүү булгаары, спорттук, резина ж. б. бут кийимдер) дүйнөдө Кытай, Бразилиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Бут кийимдин 80%ке жакыны экспорттолот (243,6 млн жуп, дүйнөлүк экспорттун 1/ и; 2006). Ошол эле убакта кыйла арзан баадагы бут ки­йимди сырттан (Кытай, Румыния, Вьетнам, Ин­дия, Болгариядан) сатып алат. Эзелтен эле мо­далуу булгаары-галантерия товарларын (сумка, чемодан, капчык, кемер, булгаарыдан жасалган кеңсе товарлары, кол кап, аксессуарлар) ж-а галстук, о. эле чий калпак, булгаары, кездеме, фетр калпактарын, килем чыгаруу салт бой­дон калган. Оюнчуктарды, балдар үчүн түрдүү буюмдарды, балаты жасалгаларын, күмүш, хрус­таль, фарфор ж-а териден жасалган баалуу бе­лектерди, көркөм гравюра ж. б. чыгаруу өнүк­көн. И. муз. аспаптары (кылдуу ж-а үйлөмө аспаптар, орган, мандолина, гитара, аккардеон) м-н да белгилүү.
Тамак-аш ж-а тамеки ө. ж. – И-нын эконо­микасында машина куруудан кийинки 2-маа­нилүү тармак. Азык-түлүктү (шарап, макарон­дун түрлөрүн, быштак ж-а сүт азыктарын, зай­тун майын, кондитер азыктарын, жашылча ж-а мөмө-жемиш консерваларын) экспорттоочу ири өлкө. Кондитер өндүрүшү шоколад ж-а таты­малдардын түрлөрүн даярдоого адистешкен. Ша­рап жасоо б-ча И. дүйнөдө 1–2-орунду Франция м-н гана бөлүшөт. И. колбаса, ыштап сүрсү­түлгөн ж. б. чүйгүн эт азыктарын даярдоо б-ча Европада маанилүү орунду ээлейт. Жылына 11 млн т ун даярдалат; макарон өндүрүшүнө бай­ланыштуу (150дөн ашык түрү чыгарылып, дүйнөдө 1-орунду ээлейт) ун көп керектелет. Жылына 3,3 млн т жашылча ж-а мөмө-жемиш консерваланат; туздалган помидор, томат пас­талары, мөмө-жемиш консервалары, маринад­далган жашылча, фаршталган зайтун, артишок консервалары чыгарылат. Башка экспорттук продукцияларына – алкаголдук ичимдиктер (вермут, шампан ж. б.), кофе, жыпар жыттуу өсүмдүктөрдүн негизинде жасалган соустар ж-а татымалдар, кант, тамеки, пиво, алкоголсуз суу­сундуктар ж. б. кирет.
Өлкөнүн а. ч-нын ИДПдеги үлүшү 1,9%. А. ч. өндүрүшүнүн көлөмү б-ча И. Европада Франция, Германиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Өлкө а. ч. продукциясына ж-а азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 86%ин өзү камсыз кылат, кал­ганын Франция, Германия ж-а Нидерланддан импорттойт. Агрардык секторунун өнүгүүсүнүн жалпы деңгээли европ. орт. көрсөткүчтөн төмөн, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү ж-а малынын продукттуулугу б-ча И. Европадагы көп өлкө­лөрдөн артта. А. ч-га жарактуу жеринин жал­пы аянты 17,8 млн га (2005); анын 53%и иште­тилет, 18,8%и шалбаа ж-а жайыт, калганы токой (23%; бийик өскөн дарактар аз, негизи­нен теректүү токой ж-а бадалдар). Иштетилген жердин 75,6%и айдоо, анда тоют өсүмдүктөрү – жүгөрү, арпа, кара буудай, сулуу, буурчак, буу­дай, кант кызылча, күн карама, жүзүм, жашыл-

Тосканадагы жүзүмзар.

ча, мөмө-жемиш бактары өстүрүлөт. Жаан-ча­чыны сезон б-ча кескин өзгөрүп тургандыктан, жери сугатка муктаж. Сугат жеринин аянты 3,97 млн га (2005). А. ч-нын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. И. «Европанын багы» деп аталат; ал түрдүү мөмө-жемиштерди (цитрус өсүмдүктөрүн кошо), жашылча, жүзүм, зайтун, буудай өстүрүүчү ж-а экспорттоочу ири өлкө­лөрдүн бири болуп саналат. Киви (түшүмү б-ча дүйнөдө 1-орунда), шабдалы, нектарин, алму­рут (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), өрүк (Түркия, Ирандан кийинки 3-орунда), алма (Европада 1-орунда), курма (Европада 1-орунда), гилас, кайналы, анжир ж. б. өстүрүлөт. И. жүзүм жыйноо б-ча (8,6 млн т; а. и. мейиз жүзүмү 1,7 млн т; 2006) дүйнөдө 1-орунда. Жүзүмзар өлкөнүн бардык жеринде таралып, өзгөчө итал. пейзаж­ды жаратат. И. зайтунду чогултуу б-ча (жылы­на 4 млн тдай) дүйнөдө алдыңкы орунда. Маани­лүү экспорттук тармагы – гүл өстүрүү. Башкы дан өсүмдүктөрү – буудай, шалы, жүгөрү, арпа. Мал чарбасынын өнүгүүсүнө Франция, Нидер­ланд ж. б. Европа өлкөлөрүнөн келген арзан баа­дагы продукциялар, о. эле тоют базасынын же­тишсиздиги тоскоолдук кылат. Өлкөнү чулгап турган деңиз жээктери балыкка анча бай эмес.