ЖАНТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:46, 26 Июнь (Кулжа) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНТАК (Alhagi) – чанактуулар уруусундагы көп жылдык, жыш бутактуу чөп же чала ба­дал. Тамыры жерге 18–20 мге чейин кирет. Жал­бырагы жөнөкөй, жан жалбырактуу. Гүлү кыз­гылт, жалбырак колтугунан өсүп чыккан ти­кендерде жайгашат. Мөмөсү – чанак. Евразия­да кездешет. Кыргызстанда эки түрү бар. Орто Азия чөлдөрүндө төө ж-а майда мал үчүн баалуу тоют. Айрымдары отоо чөп.